Ош: «Казак» каймана аттуу Умар Маратов кайрадан зордуктоого шектелүүдө

Умар Маратов

«Клоопто» 7-июлда «"Казак" каймана аттуу Умар Маратов кайрадан зордуктоого шектелип кармалды» деген аталышта жаңылык чыккан. Бирок Ош ОИИБи анын кармалып же кармалбаганын тактаган эмес. Кабарчыбыз маалыматты туура эмес түшүнүп алган. Мындан улам окурмандарыбыздан туура эмес маалымат таратканыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Материал 20-июлда оңдолуп, жаңыланды.

Ош шаарында «Казак» каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратов (мурдагы аты Эрнис Казаков) 25 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу 7-июлда «Клоопко» Ош ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, аталган факт милициянын электрондук журналына катталып, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кийинчерээк кенен маалымат берилери айтылды. Милиция шектүүнүн кармалып-кармалбаганын тактаган жок.

«Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таянып, окуя 25-июнда Оштогу меймканалардын биринде болгонун жазды. УКТ мүчөсү делген Маратов эки теңтушу менен чогуу болгон.

Маратов 29-майда Оштогу түнкү клубдардын биринен кармалып кайра бошотулган. Ал 2022-жылы Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургунунун Toyota Camry 70 үлгүсүндөгү унаасын тартып алууга шектелип жаткан. Бул иш боюнча «Опузалап талап кылуу» беренесинин негизинде иш козголуп, териштирүү башталган.

Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өткөн жылдын 7-декабрында Ош шаарында «бейбаштыкка» шектелип кармалып, кийинчерээк кайра бошотулган. Анда эки киши «Казак» жана анын шериктери Оштогу түнкү клубдардын биринде аларды бычак менен коркутуп, сабап, качып кетишкенин айтып арызданышкан.

«Казак» каймана аты бар Умар Маратов

ИИМдин маалыматына ылайык, Умар Маратов кылмыштуу топтун мүчөсү. Ал 2019-жылдын октябрында «жашы жете элек кызды зордуктоого» шектелип кармалып, 2020-жылдын 26-майында шаардык соттун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Ошол эле жылы 8-январда «Казакты» Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманова үй камагына чыгарып жиберген. Көп өтпөй Соттор кеңешинин комиссиясы Сулайманованы жумуштан четтетүүнү туура көргөн. Сунушту экс-президент Сооронбай Жээнбеков колдоп, тиешелүү буйруккка кол койгон.

Ал эми Оштун криминалдык милиция кызматкерлери соттор «Казак» сыяктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн «оор кылмыш жасаганына карабай эркиндикке чыгарып жибергенине» нааразы болушкан.

Маратов үй камагында жүргөндө дагы Оштун мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин иниси Улан Райымбековду сабоого катыштыгы бар делип кармалган. Кийинчерээк Райымкулов тосмо арыз жазганы белгилүү болгон.

Милициянын маалыматына ылайык, Маратов ага чейин да бир нече жолу уурулук жана карактоо боюнча соттолгон.

Кийинчерээк, үстүбүздөгү жылы январь айында Маратов «жашы жете элек кызды зордуктоого» боюнча козголгон кылмыш иши боюнча акталганы маалым болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Эки жыл мурда зордуктоо беренеси менен 10 жылга кесилген киши бейбаштыкка шектелип кармалды

«Казак» 10 жылга кесилди. Ал зордуктоо иши боюнча күнөөлүү деп табылды

Ошто мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин иниси сабалды