Жалал-Абад: УКМК жалпы суммасы 430 млн сомду түзгөн мүлктү мамлекетке кайтарды

УКМК Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен жер тилке, имарат жана курулуш обьъектилери баштаган жалпы суммасы 430 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылганын билдирди. Бул тууралуу 11-июлда Улуттук коопсуздук комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат иштин фигуранттары 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен, мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктү менчикке мыйзамсыз өткөрүп алганын аныктады. Бирок УКМК иштин фигуранттарынын аты-жөнүн айткан жок.

Ошондой эле атайын кызматтан кылмыш ишине шектелип жаткандар 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында улут аралык араздашууну жана административдик имараттарды күч менен басып алууну уюштурууга катыштыгы бар экенин кошумчалашты.

«Азыркы учурда, мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп ж.б.), жана ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландоодо», — деп билдиришти УКМКдан.

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат жана өзгөчө абал жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Жалпысынан өлкөнүн түштүгүндөгү кагылышта, Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 426 адам каза таап, миңден ашык адам жарадар болгон, ал эми материалдык чыгым 2,2 млрд долларга чукулдаган.

2020-жылы «Азаттык» июнь окуясы боюнча 5 642 кылмыш ишин козгогонун, алардын 360ынын гана бети ачылганын жазган. Ал эми 3919 кылмыш ишинин тергөөсү убактылуу токтотулган жана 13 иш биротоло токтотулган. 1391 иш башкы кылмыш иштери менен өндүрүштө турат.

Тема боюнча: Жапаров УКМКга 2010-жылдын июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды