Бир видео менен: Токтогул ГЭСинде №2 гидроагрегаттын жумушчу дөңгөлөгү орнотулду

Токтогул ГЭСинде №2 гидроагрегаттын жумучшу дөңгөлөгү орнотулду. Бул тууралуу 11-июлда Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ведомстводон бул «тарыхый» иш чара экенин белгилеп, дөңгөлөктү монтаждоо иштери «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылганын эске салышты. Министрликтин маалыматы боюнча, дөңгөлөктүн салмагы 78 тонна, ошондой эле салмагы 46 тонна болгон турбиналык вал орнотулду.

«75%га чейин көмөкчү система монтаждалды (башкаруу системасы, жөнгө салуу системасы, дүүлүктүрүү, муздатуу системалары ж. б.)», — деп билдиришти министрликтен.  

Гидроагрегаттын реконструкциясы ушул жылдын март айында башталган. Бул убакыттын ичинде станцияда №2 гидроагрегатынын негизги тетиктерин демонтаждоо, роторду чечүү, ошондой эле турбинанын таяныч бөлүктөрүн фрезерлөө иштери жүргүзүлдү деп кошумчалашты ведомстводон.

Энергетика министрлиги №2 гидроагрегат реконструкциядан өткөн соң ГЭСтин кубаттуулугун 300 МВт 360 МВтка чейин көбөйтүүнү пландоодо.