Бир кадр менен: Шавкат Мирзиёев ант берип, президенттик кызматка расмий киришти

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңген Шавкат Мирзиёев 14-июлда ант берип, президенттик кызматка расмий киришти.  

Шавкат Мирзиёев ант берип жатат. Сүрөт: Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы. 

Ант берүү аземи Олий Мажилистин Сенатында өтүп, Мирзиёев сөз сүйлөдү, ал өз сөзүндө өлкөдө «баардык системаны өзгөртүүнү», Өзбекстанда конструктивдүү оппозициянын ишмердигине, ошондой эле жарандардын маалымат алуу, колдонуу жана таратуу укугу кепилденерин убадалады

Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулардын 87,05% добушуна ээ болуп, жеңишке жеткен. 

Өзбекстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо быйыл апрель айында өлкөнүн Баш мыйзамына түзөтүүлөр кабыл алынгандан кийин дайындалган. Негизги өзгөртүүлөр президенттик кызматтын мөөнөтүн 5 жылдан 7 жылга чейин узартууга жана Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтүн 
жокко чыгарууга байланыштуу болгон.

Өзбекстандын жаңыртылган Конституциясына ылайык, 2016-жылдан бери бийликте келе жаткан Мирзиёев дагы эки жолу, 2037-жылга чейин өлкө башчысы болуп шайлана алат. Президенттин ыйгарым укуктары дагы кеңейтилет.