Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз балбандары эркин күрөш боюнча 4 медаль утушту

15 жашка чейинки эркин күрөш боюнча улуттук курама. Сүрөт: Дене тарбия жана спорт департаменти

Кыргызстандык балбандар Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында эркин күрөш боюнча бир алтын, үч коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу 15-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.

Азия чемпионаты 15 жашка чейинкилер арасында уюштурулду. 41 килограммга чейинки самактык категорияда күч сынашкан Садырбек Кайыпбеков алтын медаль утту.

Ал эми коло байгеге Калыбек Бактыбеков (38 кг чейинкилер арасында), Жакшылык Боробаев (44 кг чейинкилер арасында) жана Талгарбек Ашымов (57 кг чейинкилер арасында) ээ болду.

Буга чейин ушул эле чемпионатта Кыргызстандын кыздар курамасы беш медаль уткан. Эки күмүш, үч коло менен командалык эсепте кыздар 3-орунду камсыздаган.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама алты медалга ээ болгон. Эки алтын, эки күмүш, эки коло байге менен грек-рим курамасы дагы командалык эсепте 3-орунга татыган.

Бул жолку Азия чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат. Эми чемпионатта 20 жашка чейинки спортчулар ат салышат. 12-июлда башталган мелдеш 20-июлда жыйынтыкталат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Күрөш боюнча Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз спортчулары 11 медаль утушту