Күрөш боюнча Азия чемпионаты: 15 жашка чейинки кыргыз спортчулары 11 медаль утушту

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык жаш спортчулар байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу 13-14-июлда Дене тарбия жана спорт боюнча департаментинен билдиришти.

Чемпионатка Кыргызстандын U-15 жаш курак категориясындагы — 15 жашка чейинки — кыздар күрөшү, эркин күрөш, грек-рим күрөшү боюнча курама командасы кеткен

*U-15 — бул 15 жашка чейинки курактагы спортчулардын категориясы. Аммандагы чемпионатта U-20 деген категорияда да 20 жашка чейинки мушкерлер ат салышат. 

Азия Чемпионатында мушкер кыздар курама командасы 5 медаль утту. 

Мелдешке 36 килограммга чейинки салмак категориясында катышкан Айдеми Асангазиева менен 62 килограмм салмакта Аяна Асамаликова күмүш медалга ээ болушту.  

33 килограммга чейинки салмак категориясында Асема Амангариева , 42 килограмм салмакта Аяна Асылбекова жана 50 килограммга чейинки салмакта Асема Төрөгелдиева коло медалды багындырышты.  

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 13-июлда өттү. 38 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшкөн Абдулазиз Муминов жана 52 килограммга чейинки салмакта ат салышкан Эмир Эмилов алтын медалга ээ болушту.  

41 килограммга чейинки салмакта Актан Эсентуров жана 68 килограммга чейинки салмак категориясында Асылбек Дөөлөтбеков күмүш медалды багындырышты.

Ошондой эле, 62 килограммга чейинки салмакта Нуркамил Атагелдиев жана 75 килограммга чейинки салмакта Нурислам Өскөнбаев коло медалга ээ болушту.

Командалык эсеп боюнча кыргызстандык спортчулар учурда 3-орунду ээледи

Чемпионат 12-июлдан 20-июлга чейин уланат. 

Иорданияда өтүп жаткан Азия Чемпионатында кыргыз спортчуларынын көрсөткөн жыйынтыктарын бул сайттан көрө аласыздар. 

ТЕМА БОЮНЧА:

Эл аралык мелдеш: Эркин күрөш боюнча балбандар үч алтын, эки күмүш, төрт коло медаль утушту

Айпери Медет кызы Бишкектеги эл аралык мелдеште алтын медаль тагынды