CS:GO боюнча кыргыз кыздарынын курамасы Сауд Арабиядагы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Кыргызстандын CS:GO боюнча аялдар курамасы Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өткөн IESF Female Asian Championship-2023 чемпионатында үчүнчү орунду багындырды.

Турнир 15-июлдан 17-июлга чейин өтүп, ага кыргыз курамасынан Жамиля «Jammie» Алагөзова, Эрика «kitosyy» Жайнакова, Акбермет «drksky» Ибраева, Юлия «Destroy_zloy» Глухова жана Амина «wersiee» Саниахметова катышты.

Турнирде 5 өлкөнүн — Австралия, Гонконг, Индия, Кыргызстан жана Сауд Арабиясынын оюнчулары баге фонду 12,5 миң долларды түзгөн Counter-Strike: Global Offensive дисциплинасы боюнча күч сынашышты. Турнирдин Румынияда өтө турган финалына 1 жана 2-орунду алган Австралия жана Гонконгдун командалары өттү.

Жарым финалды Кыргызстандын курама командасы гонкогдук атаандаштарына 2:0 эсебинде жеңилип, бирок үчүнчү орун үчүн таймашта индиялык киберспортчу кыздарды 2:0 эсебинде утушту.

Натыйжада кыргыз киберспортчу кыздары үчүнчү орунду багындырып, 2 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болушту.

IESF — эл аралык киберспорт федерациясы, ал бүткүл дүйнө боюнча киберспорт тармагындагы кыймылдарды өнүктүрүү жана колдоо менен алектенет. Алар 2009-жылдан бери түрдүү видеооюндар боюнча мелдеш жана турнирлерди уюштуруп келет. IESF чемпионаттары жыл сайын ар башка өлкөлөрлө өтүп турат.

Автору: Салия Хурова