ӨКМ: Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

18-июлда Баткен облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 09:45те болгон.

Анын күчү Кадамжай районунун Кара-Дөбө, Кожо айылдарында 4 балл, Үч-Коргон, Котур-Булак, Ак-Булак айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, ал эми Чаувай, Караван айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Үстүбүздөгү жылдын март айларында да өлкөнүн түштүгүндө — Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталган. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.