Кыргызстандын түштүгүндө күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

21-март түнү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор жок.

21-март күнү кечинде Ооганстандын аймагындагы Гиндукуш тоо кыркаларында катуу жер титирөө болду. Маалыматтарда анын күчү 6,5 баллдан 8 баллга чейин жеткени айтылууда. Reuters’тин маалыматына ылайык, Ооганстан менен Пакистанда жок эле дегенде үч киши каза таап, 100дөн ашык адам жаракат алды.

Борбор Азия өлкөлөрүндө жоготуулар жана кыйроолор жок, бирок бардык өлкөнүн бийлиги жер титирөө катталганы тууралуу билдирди. Казакстандын түштүгүндөгү Тараз жана Шымкентте сезилген жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткени айтылууда.

Өзбекстандын ӨКМи Ташкенттеги жер титирөөнүн күчү 5 балга чейин жеткенин жана жер титирөөнүн толкуну өлкөнүн башка дагы аймактарында 4 балдан 6 баллга чейин байкалганын билдирди. Ошондой эле жердин силкинүүсү Тажикстанда да сезилди.