Кыргызстан глобалдык паспорт индексинде 76-орунга чыкты

Кыргызстан глобалдык паспорт индексинде жети пункт өйдө көтөрүлүп, 76-орунду ээледи. Жаңыртылган рейтингди Henley & Partners консалтинг компаниясы менен Эл аралык аба транспорту ассоциациясы (IATA) түзгөн.

Алардын маалыматына ылайык, кыргызстандыктар быйылкы жылдан тартып 63 өлкөгө визасыз бара алат.

2022-жылы глобалдык индексте кыргыз паспорту 83-орунда турган.

Борбор Азияда Кыргызстан 66-орунда турган Казакстандан кийин эле турат. Казакстандыктар 77 мамлекетке визасыз бара алат.

2023-жылга карата сингапурдуктардын паспорту эң эле күчтүү деп табылды. Алар 192 өлкөгө визасыз кире алышат. Сингапурга чейин лидер болуп турган Жапония тизмеде үчүнчү орунга түштү. Жапондор 190 мамлекетке визасыз бара алат.

Рейтингден оогандыктардын паспорту эң эле алсыз экенин байкоого болот. Ал 103-орунда турат. Ооганстандын жарандары болгону 27 мамлекетке визасыз кире алат.

Henley & Partners уюмунун рейтинги 2018-жылдан бери жарыяланып келет. Анын мазмуну Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) маалыматтарына, өзүнүн кеңири изилдөөлөрүнө жана интернеттеги ачык булактарга негизделген. Тизме 199 түрдүү паспорттордон турат.

Автору: Медина Шамшидинова.