Акыркы жарым жылда өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга 40 млрд сом бөлүндү — Ташиев

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга 2023-жылдын алгачкы алты айында 40 миллиард сомдон ашык акча бөлүнгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал 20-июлда 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Ал бул каражатка аскердик техника жана курал жарактар алынып, жаңыртылып жатканын айтты. 

УКМКнын башчысынын маалыматы боюнча, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө үч жыл ичинде жалпы 120 млрд сомдон ашык ($1,3 млрд жогору) каражат жумшалган. 2020-жылы бул тармакка, Ташиевдин белгилешинче, 3,5 млрд сом жумшалса, 2021-жылы коргоонууга кеткен чыгым 32 млрд сомду, ал эми 2022-жылы — 53 млрд сомду түзгөн. 

«Биз башка өлкөлөр ала элек “Байрактар”, “«Аксүнгүр” жана “Акынжы” учкучсуз учуучу аппараттарын алдык, ошондой эле «Печора-2 БМ», Ми-8 жана Ми-17 тик учактарын алдык», — деди Ташиев. 

Кыргызстан аскердик техникаларды жана курал-жарактарды сатып алуу менен куралдуу күчтөрдү өнүктүрүүгө жана күчтөндүрүүгө чоң каражат жумшоодо.

Бийлик 2021 жана 2022-жылдары Тажикстан менен чектешкен аймактарда эки ирет ири куралдуу жаңжал чыккандан куралдуу күчтөргө өзгөчө көңүл бура баштаган.

Дагы окууңуз: Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы