Ташиев: Өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө эки жылда 1,5 млрд доллар жумшалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев акыркы эки жылда өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга 1,5 млрд доллар жумшалганын билдирди. Бул каражатка аскердик техника, ок-дары, курал-жарак жана башкалар сатып алынган.

Бул тууралуу ал 14-июнда Жалал-Абадда 20 чек арачынын үй-бүлөсүнө жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырып жатып айтты. Ошол эле жерден Ташиев бийлик «өлкөнүн коргоонуу жөндөмдүүлүгүн куру сөз менен эмес, чыныгы иштер менен бекемдеп» жатканын айтты.

«Мамлекетти коргоо үчүн курал-жарактарды, жабдыктарды жана башкаларды алып жатабыз. Акыркы эле эки жылда 1,5 млрд доллардан ашык акчаны биз ушул багытка жумшадык», — деди ал.

Кызыгы, ушул эле жылдын март айында Ташиев ошол эле эки жылдын ичинде бийлик өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга 1 млрд доллар жумшаганын айткан болчу.

Андан тышкары, Коопсуздук кеңешинин 13-июндагы жыйынында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров бийлик эки жылда коргонуу тармагына 83,4 млрд сом (Улуттук банктын 15-июндагы курсу боюнча 953 млн доллардан ашык) жумшалганын билдирген.

Буга чейин Кыргызстан Баткендин «абасын жабуу» үчүн Беларустан «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплексинин биринчи партиясын сатып алып келгени белгилүү болгон. Ошондой эле өлкө Түркиянын учкучсуз учуучу «Байрактар ТВ2», «Байрактар Акынжы», «Аксүнгүр» аппараттарын жана башка аскердик техникаларды сатып алган.

Кыргызстан 2021 жана 2022-жылы Тажикстан менен чек арада эки ири куралдуу кагылышуу болгондон көп өтпөй аскердик техникаларды сатып ала баштаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыктары так аныкталбагандыктан чек арага жакын аймактарда дайыма жаңжалдар чыгып, акыркы эки жылда ал куралдуу кагылыштарга чейин жетүүдө.

Тема боюнча окуңуз: Бирин-бири айыптаган жылдар. Кыргыз-тажик чек ара чырларынын беш жылдык хроникасы