Минкаб төрагасы Мамкурулуштан 100 мектептин курулушун жыл аяктаганча бүткөрүүнү талап кылды

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине кайрылып, жыл аягына чейин 100 мектептин курулушун бүтүрүүнү талап кылды. Бул тууралуу ал 20-июлда, 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктоочу жыйында билдирди.

Жыйында Мамкуруштун директору Мырзабек Жыпаркулов мектеп куруу үчүн курулушчулар жетишсиз экенин айтып даттанды. Президенттин тапшырмасы боюнча Мамлекеттик курулуш агенттиги бир катар социалдык объекттерди, анын ичинде 100 мектепти куруп бүтүрүшү керек.
Бирок Жыпаркуловдун айтымында, Мамкурулуш үлгүрбөй жатат.

«Чүй облусунда 12, Ысык-Көл облусунда 12 мектеп, Нарын облусунда 8, Талас облусунда 8 мектеп, Жалал-Абад облусунда 20, Ош облусунда 30, Баткен облусунда 10. [...] Урматтуу акимдер, мына көрүп атасыздар, 40 райондо абдан чоң курулуштар болуп атат, мындай буга чейин болгон эмес. Ошондуктан бизге жумушчулар жетишпей жатат. Сиздерден сураныч, бизге жардам берип, астыда 5-6 эле ай калды, ошол жагынан жардам берип койсоңуздар. Муну эл билиши керек», — деп кайрылды ал.

Ага жооп кылып минкабдын башчысы Акылбек Жапаров Мамкурулуш 100 мектепти өз убагында куруп бүтүрүүнү талап кылды.

«1-январга [бүтүрүп] бербей турган болсоңуз, сиз экинчи мамлекеттик кызматка алынбайсыз», — деп эскертүү берди Жапаров.

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда.

2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна — жаңы имараттар курулууга тийиш.

Тема боюнча: Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан

Бир партада үчтөн окуучу. Кыргызстанга учурда 100дөгөн мектеп куруу зарыл!