Каза болгон прокурорлордун үй-бүлөсүнө төлөнүүчү компенсациянын көлөмү кыскарды

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын прокуратурасы жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизген мыйзамга кол койду. Анда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүн азайтуу каралган. 

Түзөтүүлөргө ылайык, прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо камсыздандыруу органы анын үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөп бериши керек. 

Ошондой эле кызматкердин үй-бүлөсүндө бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат. 

Ал эми прокурор жана тергөөчү иш учурунда ден соолугуна зыян келип же майыптык алса төмөнкүдөй өлчөмдөрдө бир жолку камсыздандыруу төлөнөт:

  •  I топтогу майыптык — акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;
  • II топтогу майыптык — акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;
  • III топтогу майыптык — акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.

Мурдагы мыйзамга ылайык, кызмат учурунда каза болгон прокурорлордун үй-бүлөсүнө акыркы 20 жылдагы орточо айлык акысынын көлөмүнө барабар жөлөк пул төлөнүшү керек болчу — бул дээрлик 21 млн сом.

Бул сумма коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын таң калтырган. Эл өкүлдөрү мыйзамды прокурорлор «өздөрү үчүн» жазып алышканын, бул сумманы укканда «алар өлгүсү келерин» белгилешкен

Ызы-чуудан кийин прокурорлор кызмат жоопкерчилигин аткарып жатып каза болгон учурда төлөнүүчү жөлөк пулдун көлөмүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору демилгеленген. 

Автору: Медина Шамшидинова.