Депутаттар каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө 21 млн сом төлөп берүүгө макулдук беришти

Өткөн жылы кызмат учурунда каза тапкан Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 млн 699 миң сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу парламенттин 15-майдагы комитеттик жыйынында маалым болду.

Жыйында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, иш учурунда курман болгон прокуратуранын кызматкерлеринин жакындарына кенемте төлөнөрүн билдирди.

«Бул жерде “акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысынын эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолку жөлөк пул төлөнөт” деген чечим кабыл алынган. Ал 21 миллион 699 миң сомду түзөт», — деп билдирди Коңкубаева.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева кенемтенин суммасына таң калды. Анын айтымында, мамлекет мектептин курулушуна 5 миллион сом акча каражатын таппайт, бирок «мыйзам деген — мыйзам».

Ошондой эле эл өкүлү Надира Нарматова дагы аталган кенемтенин көлөмүнө нааразычылык билдирип, прокурорлор менен сот органдары «мыйзамды өздөрүнө ашыкча эле тууралап алган» деп билдирди.

«Азыркы сумманы көрүп эсиң оойт, чынында, прокурор болуп өлгүң келет. Эми “эмне кылса деле эсен-аман жүрсүн” деп прокурорлордун өмүрүн тилейт окшойбуз. Бирок бул жерде туура эмес жактары көп да. Булар пенсияга чыкса дагы миллион акчаны жөн эле алат экен. Ага чейинки [акысы] өзүнчө [сөз]. [...] Айтсаң балээге каласың, анан “жепжутар” деген атка депутаттар конот. [...] Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккан кызматкерлер 800 миң сомдой акча алышат», — деди Нарматова.

Андан сырткары Нарматова прокурорлор пенсияга чыкканда бир жылдык эмгек акынын бир жолку төлөнүшүнө нааразы болду. Депутаттын айтымында, бул «аз өлчөмдө пенсия алган мугалимдерге карата теңсиздик болуп эсептелгени үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек».

«Тез аранын ичинде мыйзамга өзгөртүү киргизиш керек. Мындай нерсе болбойт. [...] Теңсиздик деген нерсени жоюш керек. Мисал үчүн, башын чиритип балдарды тарбиялаган мугалимдер болбогон 2000-3000ге пенсияга чыгат дагы, анан прокурор-соттор көкөлөп жүрүп пенсияга чыкканы үчүн миллиондогон акчаны [алганы] туура эмес. Бул таптакыр теңсиздик», — деп билдирди депутат.

Жыйынтыгында, депутаттар каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө бир жолку төлөмдү бекитүүгө макулдук беришти.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын үстүбүздөгү жылы 16-майдагы маалыматына ылайык, кызматын аткарып жатканда каза болгон прокуратура кызматкерлерине бир жолку кенемте акыркы 20 жылдын ичинде бир жолу төлөнүп берилген.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун мурдагы прокурору, маркум Бакирдин Жанузаков

Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков 2022-жылы 7-июлда жол кырсыгынан каза тапкан. Облустук милиция кырсык унаанын айдоочусу уктап кеткенинен улам болгонун билдирген.

54 жаштагы юстициянын подполковниги прокуратура органдарында 2004-жылдан тарта иштей баштаган. Аталган кызматка 2020-жылдын май айында дайындалган. Андан мурда Талас жана Нарын облустарында прокурор болуп иштеген.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Айдоочу уктап кеткен». Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков авто кырсыктан каза тапты