Менин иним эле деп камабай койсом башка инилерим да коррупцияга аралаша баштайт — Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде коррупцияга шектелип кармалган 32 жаштагы иниси Улан Жапаров боюнча комментарий берди.

Өлкө башчысы «азыр заман башка, баарына бирдей мамиле болот» деп белгиледи.

«Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. “Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бирге жаза, миңге сабак", — деген», — деди Жапаров.

Президенттин тууганы Улан Жапаров кармалганы 6-июлда белгилүү болгон. Ал бажыдагы коррупция иши боюнча кармалганы маалымдалган. Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев да президенттин тууганынын кармалышын «өлкөдөгү сот адилеттигинин көрсөткүчү» деп комментарий берген.