Кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр иликтенет, абал туруктуу

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр эки тараптуу иликтенет, учурда абал туруктуу. Бул тууралуу 25-июлда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Дача аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыккан чырдан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөн. Анын жыйынтыгында укук коргоо органдары койгон тосмолорду алып салуу, чыр-чатактардын алдын алуу, биргелешип күзөт жүргүзүү макулдашылган.

Ошондой эле тараптар чырды иликтеп, ага тиешеси бар адамдарды аныктап, келтирилген чыгымдардын ордун толуктоону сүйлөшүшкөн. Тажик тарап Кыргызстандын ИИМнин кызматкеринин унааына келтирилген чыгымды төлөп берүүгө даярдыгын билдирген.

Мындан сырткары чек арага чектеш айылдардын жашоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ал эми 25-июлда саат 9:00дө Кызыл-Бел-автожол өткөрүү жайында Баткен облусунун жана Тажикстандын Согди облусунун күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусу башталганы кабарланды.

Чек ара кызматы 24-июлдун кечинде Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда мушташ чыкканын кабарлаган.

Маалыматка караганда, чыр Ак-Сай — Көк-Таш унаа жолунда чыккан. Ак-Сайдын тургундары бараткан унааны Ворух анклавынан Хожаи Аъло айылына бараткан тажик жарандары унаалары менен тосушкан.

Анын кесепетинен Дача жергесинде аталган тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Окуя болгон жерге ИИМдин кызматкери барганда Хожаи Аъло айылынын тургундары ага кол салганы айтылган.

«Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан», — деп билдиришкен Кыргызстандын Чек ара кызматынан.

Чырдан кийин эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, күч түзүмдөрү абалды турукташтыруу үчүн чараларды көрө баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат