Баткен: Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты, эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп жатат

24-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн тургундарынын ортосунда мушташ чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чыр Ак-Сай — Көк-Таш унаа жолунда чыккан. Ак-Сайдын тургундары бараткан унааны Ворух анклавынан Хожаи Аъло айылына бараткан тажик жарандары унаалары менен тосушкан. 

Анын кесепетинен Дача жергесинде аталган тургундардын ортосунда мушташ чыккан. Окуя болгон жерге ИИМдин кызматкери барганда Хожаи Аъло айылынын тургундары ага кол салганы айтылды.

«Кыргызстандын ИИМнин кызматкери ал жерден качып чыкканга жетишкен, Тажикстандын жарандары аны сабаганга аракет кылып, автоунаасынын арткы айнегин сындырышкан», — деп билдиришти Кыргызстандын Чек ара кызматынан.

Учурда эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары абалды турукташтыруу үчүн тийиштүү чараларды көрүүдө. 

Чек ара кызматы тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө жана маалыматтарды тактоого чакырды.