Ысык-Көл: Эки эс алуучунун өлүмүнө шектелген тургун тергөө аяктаганча бошотулду

Ысык-Көлдө эс алып жаткан эки эс алуучунун өлүмүнө шектелген моторлуу кайыктын айдоочусу камактан чыкты. 16- жаштагы жигит тергөө аяктаганча мыйзамдуу өкүлүнүн кепилдиги менен эки айга бошотулду. Бул тууралуу Ысык-Көл райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эки эс алуучунун өлүмүнө шектүү

Соттун маалыматына караганда, судья шектүү жашы жете элек экенин, туруктуу жашаган жери бардыгын эске алды. Ошондой эле кылмыш этиятсыздыктан болгону эске алынган. Сот Ысык-Көл милициясынын 16 жаштагы шектүүнү камака алуу боюнча өтүнмөсүн четке каккан. 

25-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн эки киши каза тапканы белгилүү болгон. Ысык-Көл ОИИБдин маалыматына ылайык, 23-июлда «Таблетка» балонун сүйрөтүп бара жаткан моторлуу кайык теплоходко урунган. Натыйжада үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда ооруканага түшкөн. Экөө алган жаракаттарынан улам көз жумган. Дагы бир кыз баш мээси чайкалып хирургия бөлүмүндө жатат, абалы туруктуу.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каза тапкан улан менен кыз 2000-2004-жылы туулган.

Эс алуучулардын өлүм фактысы боюнча милиция «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кайыктын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров ИИМге жана жергиликтүү бийликке Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоону, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырган.

Автору: Акылай Курманова