Эсептөө палатасы Бишкек мэриясында 1,7 млрд сомдук каржылык мыйзам бузууну аныктады

Бишкек шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудит жалпы жалпы суммасы 1 млрд 778,3 млн сомдук каржылык мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу 27-июлда Эсептөө палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Аудит товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиктерин, эмгек акысын негизсиз төлөөлөрдү, иш сапар чыгымдары беренеси боюнча ашыкча төлөмдөрдү, курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн негизсиз ашыкча жогорулатууларды, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууларды, ошондой эле эмгек акысын төлөөдөгү мыйзам бузууларды аныктаган.

Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, 1 млрд 171 млн сом ыксыз пайдаланылган.

«Айрым каржылык мыйзам бузууларды камтыган материалдар, юридикалык баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү», — деп билдиришти Эсептөө палатасынан.

Тема боюнча:

Аудит «Аза кызматын көрсөтүү агенттигинде» көптөгөн мыйзам бузууларды тапты — Кадырбек Атамбаев