Ысык-Көл: 67 жаштагы киши үч кызды зордуктоого шектелип кармалды — экөөнүн жашы жете элек

Ысык-Көл облусунун Түп районунда 23 жаштагы кызды жана эки жашы жете элек секелекти көптөн бери зордуктап жүргөн деп шектелип 67 жаштагы өгөй таятасы кармалды. Маалыматты «Клоопко» 29-июлда облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 13-июнда райондук милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Ал 23 жаштагы кызы жана эки жашы жете элек кызы 2022-жылдан бери Түптөгү айылдардын биринде таенеси менен жашаганын, анда 67 жаштагы өгөй таятасы зордуктап келгенин билдирген.

Бул боюнча «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана соттук-психологиялык жана психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ал эми сурак учурунда кармалган шектүү күнөөсүн мойнуна алган эмес.

14-июнда Түп райондук соту шектүүнү 2 айга камакка алган.

Ал эми 25-июлда укук коргоочу Камил Рузиев Түптө үч кыз зордукталганын, алардын экөө майыптыгы бар жашы жете элек кыздар экенин кабарлады.

«Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана облустун Акыйкатчысына кайрылдым. Буга чейин аталган аймакта церебралдык шал оорусу менен жабыркаган кыз зордукталган», — деп жазды Рузиев.

Түптө майыптыгы бар кыздын зордукталышы

Өткөн жылдын апрелинде Ысык-Көл облусунун Түп районунда майыптыгы бар 16 жаштагы кыз зордукталып, кош бойлуу болуп калганы коомчулукта резонанс жараткан.
5-апрелде дарыгерлер кызга шашылыш түрдө кесарево жолу менен операция жасашып, бирок баланы сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Ошол эле жылдын июль айында ДНК-экспертизанын жыйынтыгы менен шектүү катары кыздын 70 жаштагы кошунасы табылган, ал «Каалабаган кош бойлуулукка алып келген зордуктоо» беренеси менен айыпталып, үстүбүздөгү жылдын февралында Түп райондук соттун чечими менен 11 жылга эркинен ажыратылган.

Рузиев сотко чейин, Түп райондук милициясынын кызматкерлери жабырлануучунун эжесине «кысым көрсөтүлгөнүн» белгилеп, ДНК-экспертизанын жыйынтыгына карабастан айыпталуучу жарым жылга жакын бош жүрүп, аны жоопко тартуу оор болгонун билдирген.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ысык-Көл облустук соту майыптыгы бар жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча иште далилдер жетишсиз деген жүйө менен биринчи инстанцияга — Түп райондук сотуна кайра кароого жөнөткөн.