Түп: Майыптыгы бар 16 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча иш кайра кароого жөнөтүлдү

Иллютрративдик сүрөт.

Ысык-Көл облустук соту майыптыгы бар жашы жете кыздын зордукталышы боюнча ишти далилдер жетишсиз деген жүйө менен биринчи инстанцияга — Түп райондук сотуна кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу «Клоопко» укук коргоочу Камил Рузиев билдирди.

Рузиевдин айтымында, облустук сотто айыпталуучу тарап тергөөнүн жүрүшүндө өткөрүлгөн ДНК-экспертиза мыйзамсыз жол менен алынганын айтып чыккан. Мындан улам алар экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, сотко даттанышкан. 

«Иштин кайра каралышы айыпталуучуну актоого же жазасын жеңилдетүүгө  алып келиши мүмкүн. Анын уулу укук коргоо органдарында иштегени дагы ишке таасир берип жатат. Мисалы анын кызыкчылыктарын үч жактоочу коргоп жатат, бирөө Бишкектен келиптир. Мунун баарына акча каражаты керек», — дейт Рузиев. 

16 жаштагы кыздын зордукталышы

Ысык-Көл облусунун Түп районунда майыптыгы бар 16 жаштагы кыз зордукталып кош бойлуу болуп калганы өткөн жылдын апрель айында белгилүү болгон

5-апрелде дарыгерлер кызга шашылыш түрдө кесарево жолу менен операция жасашып, бирок баланы сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Ошол эле жылдын июль айында ДНК-экспертизанын жыйынтыгы менен шектүү катары кыздын 70 жаштагы кошунасы табылган, ал «Каалабаган кош бойлуулукка алып келген зордуктоо» беренеси менен айыпталып, үстүбүздөгү жылдын февралында Түп райондук соттун чечими менен 11 жылга эркинен ажыратылган.

Рузиев сотко чейин, Түп райондук милициясынын кызматкерлери жабырлануучунун эжесине «кысым көрсөтүлгөнүн» белгилеп,  ДНК-экспертизанын жыйынтыгына карабастан айыпталуучу жарым жылга жакын бош жүрүп, аны жоопко тартуу оор болгонун билдирген. 

Автору: Бурулсун Жумалиева