Мандат маселеси: Бакиров шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко даттанат

Депутат Өмүрбек Бакиров Бишкек шаардык сотунун Ноокаттагы Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимине каршы Жогорку сотко даттанат. Бул тууралуу ал 31-июлда «Азаттыкка» билдирди.

«Сот процесси болгон учурда мен эс алууда болчумун. Бишкек шаардык сотунун мындай чечим чыгарганын кийин билип калдым. Биз адвокат менен акылдашып, Жогорку Сотко да кайрылабыз. Жалпы иш боюнча азырынча комментарий бербей турайын», — деди ал.  

Бишкектин административдик соту Оштун Ноокат районундагы №4 Көк-Жар бир мандаттуу округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын 7-июнда жокко чыгарган. Анда аталган округдан депутат болгон Бакировго тиешелүү БШКнын токтому да мыйзамсыз деп табылган. 26-июлда шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Өткөн жылдын аягында Бакиров аны депутаттык мандатынан сот аркылуу ажыратууга аракет кылып жатышканын айтып, аны мыйзамсыз деп атаган.

«Мыйзамга ылайык, шайлоо учурундагы талаштуу маселелер, өтүнүчтөр үч күндүн ичинде каралышы керек. Алар бул норманы одоно бузуп жатышат. Кыргызстандын тарыхында мындай окуя болгон эмес. Шайлоодон кийин бир жылдан соң сот талаш-тартыштарды кайра карап чыгууну чечкен. Алардын айтымында, бул "жаңы ачылган жагдайлардын" негизинде жасалып жатат, бирок мыйзамдарда мындай түшүнүк жок. Бул парламентке болгон кысым», — деген ал.

Өмүрбек Бакировдун мандаты боюнча талаш-тартыштар парламент жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүү келишимин талкуулап жаткан учурда УКМК башчысы Камчыбек Ташиев менен болгон оозеки талаш-тартыштан кийин башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Административдик сот Өмүрбек Бакиров шайланган округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Депутат Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди