Депутат Өмүрбек Бакиров мандатын жокко чыгаруу аракети болуп жатканын билдирди

Өмүрбек Бакиров

Бишкек шаарынын административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун шайлоодогу атаандашы Равшан Рысбаевдин шайлоо учурунда берген арызын кайра карап чыгуу талабын канааттандырды. Бул тууралуу «Клоопко» 14-декабрда депутат Бакиров өзү билдирди.

Ал атаандашы Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы чыкканда да азыр берип, Жогоку сотто каралганын белгиледи. Бакиров арызды кайра кароо аракетин «аша чапкандык» катары баалады.

«Ушул эле арызын бир жыл мурда, шайлоо маалында жазган. Жогорку сотко чейин жеткен. Үч күн ичинде карап, мага боршайком мандат берген. Айдан ачык эле саясат болуп жатканы көрүнүп турбайбы. Бул жерде шайлоо кодекси боюна, жаңы жагдайлар ачылабы, [жабылган иш] кайрадан каралбаш керек. Тарыхта мындай болгон эмес. Андай мыйзамда дагы жок. Айрым соттор түздөн-түз бир кишинин буйругун аткарып жатпайбы», — деди ал.

Бакиров аны «мандатынан ажыратуу аракетин» 17-декабрда Кемпир-Абад маселеси каралып жатканда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышына байланыштырды.

«Мен антип эсептебесем деле, эл ошондой ойлоп жатпайбы. 17-ноябрь күнү Кемпир-Абад боюнча каршы добуш бердик. Бир аз кайым айтышуу болду. Эртеси күну эле кабинетимди тартып алышты. Эми бул иш болуп жатат. Арты-артынан эле ушундай болуп атат», — деп белгиледи ал.

Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышы

Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасынын өзүнчө тилкелерин делимитациялоо, анын ичинде Кемпир-Абад боюнча маселе каралып жатканда депутат Өмүрбек Бакиров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен тартыша кетип, Ташиев депутатты трибунадан сөккөн.

Жыйындан соң Бакиров УКМКнын төрагасынын сөгүнгөнү боюнча пикирин билдирип, ал Ташиев «аял кишини, энени [кандай] сыйлаганын көрсөтүп койду» деп айткан.

Бир күндөн кийин эле Бакиров президенттин иш башкарамалыгы Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы иш кабинетин тартып алганын билдирген.

Парламентарий өзү бул 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышканы менен байланыштуу деп болжогон. Анын айтымында, 18-ноябрда иш кабинетине өзүм билемдик менен кирип, буюм-тайымын, техникасын коридорго чыгарып салышкан.

Президенттин иш башкармалыгынын катында Бакиров «Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотушу» керектиги айтылган. Ошондой эле администрациядан Бакировго жакын арада «ылайыктуу» бөлмө таап берилет деп ишендиришкен.

Президенттин иш башкармасы Каныбек Туманбаев депутатты башка кабинетке көчүрүү чечими үч фракция лидеринин атынан кат келгенден кийин кабыл алынган, эл өкүлүнүн кабинетине аталган үч фракция лидеринин бири кирет деп айткан.

Парламенттин бир катар депутаттары Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгарылышын — аткаруу бийлигинин Жогорку Кеңешке карата сыйлабас мамилеси деп баалашкан.

1-декабрда парламенттин 1-декабрдагы жыйынында депутаттык комиссия анын бөлмөдөн чыгарылганын мыйзамсыз деп тапкан.

Ал эми президенттин иш башкармалыгы алып койгон иш бөлмөдө өзүндө калган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өмүрбек Бакиров: Иш башкармалык эптеп бир кабинет берип, оозумду жапканы жатат