Ак-Суудагы митинг: Зордуктоого айыпталган киши камакка кайтты, бошоткон судья иштен кетти

Ысык-Көлдүн Ак-Суу райондук соту 51 жаштагы аялды зордуктоого айыпталган кишинин үй камагына алуу боюнча бөгөт чарасын камакка алууга өзгөрттү. Бул тууралуу «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечимди райондук сот 31-июлда, зордуктоо фактысы коомдо резонанс жаратып, адамдар митингге чыккандан кийин кабыл алган.

Эмне болгон?

Ак-Суу районунун Жылдыз аттуу 51 жаштагы тургуну «Турмуш» басылмасына окуя 26-июлда болгонун айтып берген. Анын айтымында, айылдашы 1977-жылы туулган Б.Р.Б. аялды күч колдонуп унаага салып, талаага алып барып сабап, зордуктаган.

«Мен эптеп ал жактан чыгып алып, үйгө келип, бир туугандарыма айтып, алар мени ооруканага алып келип, анан милицияга бергенбиз», — деп айтып берген жабырлануучу журналисттерге.

Факт Ак-Суу РИИБне каттоого алынып, Б.Р.Б.ге карата «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ак-Суу райондук соту айыпталуучуга карата баш коргоо чарасы катары үй камагын тандаган.

Жабырлануучунун айылдаштары соттун чечимине нааразы болуп митингге чыгышкан. Активист Максат Акматов сот тандаган баш коргоо чарасы негизсиз экенин билдирген. Ал соттун чечиминен кийин айыпталуучу унаа менен айылды аралап, «Мага эч нерсе кыла албайсыңар» деп кыйкырып жүргөнүн кошумчалаган.

Зордуктоо жана соттун адилетсиз чечим чыгарышы коомдук резонанс жараткандан кийин, РИИБнин тергөөчүсү айыпталуучуну «Өлтүрөм деп же саламаттыгына оор залал келтирем деп коркутуу менен коштолгон зордуктоо» беренеси менен камакка алуу боюнча даттанууну соттун кароосуна киргизген.

Ал эми Жогорку соттун судьясы Замирбек Базарбеков 1-августта «Кеңири коомдук резонанс жараткан зордуктооо фактысына айыпталып жаткан Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы А.Мойдуновдун аракетине байланыштуу» ыкчам жыйын өткөргөн.

Жыйындан кийин судья Абдисалам Мойдунов ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен тапшыруу тууралуу арыз жазган. Судьянын өтүнүчү Судьялар кеңешине жиберилген.

Аялдарга карата зомбулук

2021-жылы Кыргызстан дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индексте 97-орунду ээлеп, Борбор Азия чөлкөмүндө аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму болсо 2021-жылга карата отчётунда, Кыргызстанда аялдарга карата зомбулук кеңири жайылганын баса белгилеген.

Эгерде сиз шеригиңиздин зомбулулугуна кабылсаңыз, жардам алуу үчүн өлкөнүн аймактарындагы кризистик борборлорго кайрыла аласыз.

Кризисттик борборлордун даректери:

  • «Шанс» кризистик борбору: Бишкек, Чүй проспектиси 207, 509-кабинет - 0709 710 320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү 3 - 0312512640;
  • «Энсан — Диамонд» коомдук уюму — Ош, Ленин көчөсү 205/105 - 0772328960;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош обл. Гүлчө айылы - 0555281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 205 - 0776380777;
  • «Ак жүрөк» кризистик борбору: Ош, Ленин көчөсү 205 - 0 550 231 329, 0 322 245 976;
  • «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү 312/23 0773843461;
  • «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү 31/3 0700257890;
  • «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү 274/2 0557484713;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү 3 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Жалал-Абад, Б. Осмонов көчөсү 113 0372255084;
  • «Аялзат — аялдардын демилгесин колдоо» коомдук уюму: Каракол, Абдрахманов көчөсү 105-14 - 0392 251 091, 0553 835 717;
  • «Алтынай» кризистик борбору — Чолпон-Ата шаары - 0709 694 550;
  • «Мээрман» кризистик борбору — Каракол шаары - 0706 383 637;
  • «Химая» аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору: Каракол - 0702 223 535 — түз байланыш номери - 0551 733 390.

Автору: Нагима Болотбекова

Тема боюнча окуңуз:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

Улуттук статком: Үй-бүлөлүк зомбулук көбөйдү, саясат жана экономика тармагында аялдар аз