Маевкада үйүнө бейтааныш беш адам кирип, сабалган аял милиция чара көрбөгөнүнө нааразы

Чүй облусунун Маевка айылында жергиликтүү тургундун үйүнө белгисиз беш киши кирип келип, аны сабап кетишкен. Жабырлануучу окуя беш ай мурда болгонун белгилеп, бирок милиция эч кандай чара көрбөй жатканын айтты. Аялдын кайрылуусун фейсбуктагы барагына адвокат Шердор Абдыкапаров жарыялады.

Аял окуядан кийин Аламүдүн РИИБне арыз менен кайрылганын айтып берди. 

«Алардын башчысы Максат Асранкулович [Абдымомунов] бул ишти карап жаткан. Ал дагы менин таанышым экен деп, бул ишти жапкысы келип жатат, мен алты айдан бери ушул жерге кайра-кайра келип, тергөөчүлөргө иш тууралуу айтып жатам, алар болсо улам жылдырып, созуп жатышат ишти», — деди ал

Жабырлануучу жеңил жаракат алып, окуядан кийин 10 күн ооруканада жатып чыкканын билдирди. Бирок милиция кайрадан экспертиза өткөрүүнү каалап жатат. 

«Мен ошол боюнча иш козгоп, сотко өткөрүп бергиле деп жаткам, бирок ишти сотко ашырбай жатышат. Бул Аламүдүн [РИИБи] [кол салгандар] тааныш деп ишти карабай жатышат», — деп кошумчалады жаран. 

Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, алар бул ишти өз көзөмөлүнө аларын суранды. 

Милициянын жообу

Чүй облустук милицияясы адвокат Шердор Абдыкапаровдун постуна комментарий берди. Милициянын маалыматында жабырлануучу ага кол салуу тууралуу 13-апрелде арыз менен кайрылганы айтылат.

ОИИББнин маалыматы боюнча, жабырлануучунун арызында Маевка айылындагы үйүнө чала тааныш эки аял басып киришип, ага кол салганы айтылат. 

«Аталган факт Аламүдүн РИИБте катталып, “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Окуя боюнча бардык жагдайлар такталып, бардык катышкандар суралган. Тергөө жүрүшүндө соттук-медициналык экспертиза дайындалып, корутундусу алынган», — деп жазылат билдирүүдө. 

Милициядан соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен тараптардын бири макул болбой, иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалганын кабарлашты. 

«Тергөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет», — деп кошумчалашты милициядан.