Кыргызстандык команда Dota 2 боюнча эл аралык турнирде биринчи орунду ээледи

Кыргызстандык команда Dota 2 боюнча тогузунчу жолу өтүп жаткан фиджитал оюндарынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу 4-августта Компьютердик спорт федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандык Hydra командасы

Маалыматка ылайык, кыргыз командасы финалда орусиялык One Move тайпасын утту. Жеңүүчүлөргө «Фиджитал Флэйм» кубогу жана 1,75 миллион рубль тапшырылды.

Эл аралык турнир 20-27-июль күндөрү Орусиянын Казань шаарында өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Перу, Орусия, Сауд Аравия жана Филиппинден келген командалар катышты.

Буга чейин, 17-июлда Кыргызстандын CS:GO боюнча аялдар курамасы Сауд Арабиясынын Эр-Рияд шаарында өткөн IESF Female Asian Championship-2023 чемпионатында үчүнчү орунду багындырган.