Камчыбек Ташиев күйүүчү майга болгон бааны 63-64 сомдон ашырбоону тапшырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев нефтетрейдерлер менен күйүүчү майдын баасын 63-64 сомдон ашырбоону макулдашты. Бул тууралуу 5-августта атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ташиев Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков жана нефтетрейдерлер менен жыйын өткөрдү.

Анда Ташиев нефтетрейдерлер май куюучу жайларда дизель майын жогору баада сатып жатканын белгиледи.

«Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге баа саясатын кармануу сунушталып жана калкты дизель майы менен камсыз кылуу үчүн бааны төмөндөтүп, бир литрине 63-64 сомдон ашпаган бааны белгилөө зарылдыгы айтылды», — деп жазылат маалыматта.

Июнь айынын башында Кыргызстандын нейтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майдын 1 литри 2,5-3 сомго кымбатташы мүмкүн экенин айткан.

Кыргызстанда күйүүчү май орус армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салып, көптөгөн батыш өлкөлөрү Орусияга экономикалык санкцияларды киргизген соң кымбаттай баштаган. Кыргызстан мунайзат продукцияларынын басымдуу бөлүгүн дал ушул өлкөдөн, Орусиядан ташып келет.

ТЕМА БОЮНЧА:

Нефтетрейдерлер бирикмеси: Июнда күйүүчү майдын баасы литрине 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн