Ош: УКМК курулуштагы мыйзам бузуулардан улам 39 мечитти убактылуу жапты

Ош облусунда курулуштагы мыйзам бузуулар жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген 39 мечит жана 21 диний окуу жай убактылуу жабылып, айып пул салынды. Бул тууралуу 8-августта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мекемелер белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулганы тууралуу ведомстволор аралык жумушчу топтун өкүлдөрүнүн текшерүүсүнөн соң маалым болгон.

Андан сырткары УКМК тарабынан дагы 48 мечитке жана 40 диний окуу жайга карата акт түзүлүп, көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле 15 факты боюнча материалдар мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестрине катталып, жети материал маалыматтык реестрге катталды.

Комитеттен көрсөтмө жана актылар Кыргызстандагы «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам, ошондой эле архитектура, курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптары бузулганына байланштуу түзүлгөнүн белгилешти.

УКМК тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилип, диний жайлардын жетекчилерине диний экстремизмдин көрүнүштөрүнүн алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди күчөтүү сунушталды.

Буга чейин, 29-июнда Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп келген 60 мечит аныкталып, аны текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлгөн

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан макулдугу жок өз алдынча курулган мечиттер тиешелүү мыйзам бузуу болуп саналат.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталып, атайын комиссия түзүлдү