УКМК: Жалал-Абадда мыйзамсыз иштеген 60 мечит аныкталып, атайын комиссия түзүлдү

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп келген 60 мечит аныкталып, аны текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу 29-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мечиттердин курулушун жана аларды каттоонун бирдиктүү эрежесин аныктоо максатында бир катар мамлекеттик органдардан түзүлгөн атайын комиссия текшерүү жүргүзгөн.

Комиссиянын ишинин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун район жана шаарларында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан каттоодон өтпөгөн мечиттер аныкталды. 

Тизме: Сузак — 33, Базар-Коргон — 2, Ноокен — 5, Аксы — 3, Чаткал — 5, Токтогул — 1, Тогуз-Торо — 7, Жалал-Абад — 3, Майлуу-Суу — 1.

Комитеттен текшерүү иштеринин жыйынтыгында, 11 мечит каттоодон өтүү үчүн тиешелүү документтерди даярдаганын белгилешти. Ал эми «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга ылайык, ведомстволор аралык комиссия тарабынан 49 мечитке каттоодон өткөрүү маселесин чечүү боюнча сунуштар берилди.

Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектуранын жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан макулдугу жок өз алдынча курулган мечиттер тиешелүү мыйзам бузуу болуп саналат.

Мындан ары атайын комиссия мечиттердин мындан аркы каттоого туруусун көзөмөлгө алат.