Президент «Жаштар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров жаш жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган «Жаштар жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 7-августта өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети демилгелеп, парламент аны 2023-жылдын 21-июнунда кабыл алган.

Документте 14 жаштан 35 жашка чейинки курактагылар жаштар деп таанылары айтылат. Буга чейин Кыргызстанда жаштар үчүн жаш курактын чеги 28 жашты түзчү. Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанда гана жаштардын жаш курагынын чеги эң эле төмөн экенин билдирген.

«2000-жылга чейин 35 жашка чейинкилер жаш деп эсептелген. 2009-жылы 28 жашка төмөндөтүлгөн. Бул эки факторго байланыштуу.

Биринчиден, анда жаш үй-бүлөлөр социалдык төлөм алып турушкан, бюджетке оор болгондуктан соцтөлөм алуучулардын жашын азайтууну чечишкен. Экинчи фактор — үй-бүлө куруунун орто курагы 22-23 жаш болгон. Учурда көбүнесе 27-28 жашта үй-бүлө куруп жатышат», — деди ал.

Мыйзам долбоорунун авторлорунун айтымында, мыйзам «жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо» максатын көздөйт.

Жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашыруу үчүн мыйзамда төмөнкүлөр каралган:

  • Жаштар иштери боюнча кеңештерди түзүү.
  • Мамлекеттин ишинин бардык чөйрөлөрүндө майыптыгы бар жаштарды жана аялуу жаштар топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү.
  • Мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү белгилөө.
  • Жаш ишкерлерге жана жалпы эле жаштардын ишкердигине колдоо көрсөтүү.
  • Жаштардын ыктыярчылык ишмердүүлүгүн жөнгө салуу.
  • Финансылык колдоо көрсөтүү маселелери.

Андан тышкары, жаштардын жумуш орду менен камсыздалуусун жогорулатуу Министрлер кабинети эмгек рыногун анализдеп, суроо-талабы жогору адистиктерди аныктайт.

Автору: Медина Шамшидинова