Ош: Милициянын кайгуул кызматынын башчысы кызматтан кетип, 91 кызматкер жазага тартылды

Айбек Жумагулов. Сүрөт: Интернеттен алынды

Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын башчысы Айбек Жумагулов кызматтан бошотулуп, дагы 91 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылды. Бул тууралуу «Клоопко» 10-августта ИИМдин кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлда Ош шаардык кайгуул кызматынын кызматкерлери нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. 

Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын чечими менен 2 кызматкер Ички иштер органдарындагы кызматынан алынды. Ал эми 5 кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулса, 11 кызматкер ИИМдин ЖКККББнын башка бөлүмдөрүнө которулду. Аны менен катар, калган кызматкерлер ар түрдүү тартиптик жазага тартылганы айтылды.

Ал эми кызматтан бошотулган Жумагулов ИИМдин ЖКККББнын Мониторинг борборунун бөлүм башчысы болуп дайындалганы кабарланды.

29-июлга караган түнү Ош ШИИБдин кайгуул кызматынын 50дөй кызматкери нааразычылык акциясына чыгып, мекемеге жаңы дайындалган жетекчи Айбек Жумагуловду кызматтан алууну талап кылышкан.

Нараазычылык митингине чыккандар 8 сааттык жумушу 12 сааттан ашып кетип жатканын билдирип, кайгуулчуларга эмгек өргүүлөрү берилбей жатканын айтышкан.

Мындан сырткары кызматкерлер «Жумагулов тааныштарын кызматка алып келип, башка тааныштарынын унааларын айып короодон негизсиз чыгарып жатат» деп айыпташкан.

Эки саатка созулган нааразычылык акциясына Жумагулов келген эмес. Чогулгандарга Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишов жолугуп, бул окуя боюнча атайын комиссия текшерүү жүргүзөрүн убадалаган.

Айбек Жумагулов үстүбүздөгү жылдын май айында Ош шаардык милициясынын кайгуул кызматынын башчысы болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек милициясынын кайгуул кызмат башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто 50дөй кайгуул кызматкери жетекчисин кызматтан алууну талап кылып акцияга чыкты