Саймалуу-Таштын петроглифтерин ЮНЕСКОго киргизүү пландалууда

Жалал-Абадда Саймалуу-Таштын айтылуу петроглифтерин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизип, музейге сактоо үчүн алардын санарип көчүрмөлөрүн жасоо пландалууда. Бул тууралуу 9-августта Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

Фонддон бул таш бетине чегилген сүрөттөрдү сактоо үчүн зарыл экенин белгилешти. Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары Саймалуу-Ташка барып, лабораториялык анализ үчүн тоо тектердин жана суунун үлгүлөрүн алышкан.

Фонддон экспедициянын жыйынтыгы боюнча илимий конференция өтүп, петроглифтерди ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү жана аймакты жаныбарлардан коргоо үчүн тосуу маселеси талкууланганын айтышты.

Окумуштууларды бул жерден өткөн тектоникалык жарака тынчсыздантып атканы да белгилүү болду.

«Тоо тектеринин активдүүлүгү петроглифтердин бүтүндүгүнө байланыштуу тынчсызданууну жаратат. Андыктан 2016-жылы таштардын санарип көчүрмөлөрүн жасап калуу боюнча жарым-жартылай жүргүзүлгөн иш маселени чечүүнүн бирден бир варианты болушу мүмкүн», — деп эсептешет адистер.

Ошондой эле фонддон кыргызстандыктар бийик тоого чыкпай эле музейге барып петроглифтердин санарип көчүрмөлөрүн көрө алышмактыгын белгилешти.

Фонддун кызматкерлеринин айтымында, тоодогу таш бетине чегилген сүрөттөрдү барып көрүү оңой эмес. Алгач туристтер жаратылыш паркынын базалык лагерине жетиши керек, андан соң петроглифтерге жетүү үчүн төрт саат ат менен жүрүү керек. Андан тышкары, ал жакта жайкысын да кар эрибейт.

Саймалуу-Таш улуттук жаратылыш паркы Казарман айылына жакын, 3000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан. Фонддун маалыматына ылайык, парктын аймагында 10 миңден 90 миңге жакын петроглиф бар, алардын эң байыркылары неолит жана жез дооруна таандык, алардын турганына 5000 жылдан ашкан.

Автору: Медина Шамшидинова