УКМК: Өзүн ИИМдин кызматкери деп тааныштырып, акча талап кылгандар кармалды

Өздөрүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери деп тааныштырып, жарандардан системалуу түрдө акча талап кылган 6 киши кармалды. Бул тууралуу 11-августта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-августта «Пара талап кылуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган шектүүлөр өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып жүрүшкөн. Ошондой эле алар бир жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтуу менен коркутуп, 300 миң сом акча каражатын талап кылганы аныкталган. 

Алар системалуу негизде жарандардан опузалап акча талап кылуу менен алектенип келишкен. 

Бул факт боюнча кармалган шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайынын тергөө камагына киргизилди. Тинтүү учурунда алардын жанынан белгисиз тапанча, рация жана башка атайын жабдыктар табылды. 

Учурда кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. 

УКМК ушул сыяктуу кылмыштын түрлөрүнөн жапа чеккен жарандарды төмөндөгү телефон номуру аркылуу байланышууну өтүнөт: 0312660475. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Буга чейин, 18-июлда Ош шаарында өзүн УКМКнын кызматкери деп тааныштырып, тургундан 158 миң сом алдап алып төлөбөй жүргөн жаран кармалган

Арыздануучунун айтымында, шектүү «тааныштары бар экенин жана үстүнөн козголгон кылмыш ишин бүтүрүп берүүнү» убадалап, алдоо жолу менен тургундун акчасын алып, коротуп жиберген. Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырып, тургунду 158 миң сомго алдаган киши кармалды

УКМК: Раззаков шаарында өзүн прокурор деп тааныштырып, авто унаа уурдаган жаран кармалды

Ош: УКМКнын төрагасы менен тааныш экенин айтып алдамчылык кылган киши кармалды