Өзүн УКМК кызматкери деп тааныштырып, тургунду 158 миң сомго алдаган киши кармалды

Өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери деп тааныштырып, тургундан 158 миң сом алдап алып төлөбөй жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу 18-июлда «Клоопко» Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык милицияга арыз менен кайрылган тургун 2022-жылдын сентябрында бир жаран ага өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, ишенимине киргенин айткан.



Арыздануучунун айтымында, шектүү «тааныштары бар экенин жана үстүнөн козголгон кылмыш ишин бүтүрүп берүүнү» убадалап, алдоо жолу менен тургундун 158 миң сом акчасын алып, коротуп жиберген.

Тинтүү учурунда шектүүгө таандык «Антикоррупциялык элдик көзөмөл» коомдук бирикмесине тиешелүү күбөлүк табылган. Кызматтык күбөлүктүн мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин тергөө аныктайт.

Бул факт боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө уланып жатат.

Буга чейин, 7-июнда Баткен облусунун Раззаков шаарында өзүн Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери деп тааныштырган жаран уурдалган авто унааны башкарып бара жатканда кармалган

Аталган унаа жасалма номурлар менен болгону жана коңшу өлкөдөн мыйзамсыз айдалып келгени аныкталып, иликтөө иштери башталган.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: Раззаков шаарында өзүн прокурор деп тааныштырып, авто унаа уурдаган жаран кармалды

Жалал-Абадда каракчылыкка жана алдамчылыкка шектелген кишилер кармалды

Ош: УКМКнын төрагасы менен тааныш экенин айтып алдамчылык кылган киши кармалды