УКМК: Раззаков шаарында өзүн прокурор деп тааныштырып, авто унаа уурдаган жаран кармалды

Баткен облусунун Раззаков шаарында өзүн Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери деп тааныштырган жаран уурдалган авто унааны башкарып бара жатканда кармалды. Бул тууралуу 7-июнда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 5-июндан 6-июнга караган түнү Lexus GX 470 үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан.

Аталган унаа жасалма номурлар менен болгон жана коңшу өлкөдөн мыйзамсыз айдалып келген.

Учурда бул факт боюнча тергөө иш-чаралары башталды.

Буга чейин, 11-апрелде, Ош прокуратурасынын кызматкери Алмазбек Абжалиевдин үйүнөн уурдалган авто унаа табылган. Kaktus.Media’нын маалыматына ылайык, белгисиз адамдар унаанын ээсин карактап, Бишкектин четине алып барышкан.

Уурдалган унаанын ээси арыз жазып, милиция кызматкерлери тергөөнүн жүрүшүндө үч шектүүнү кармаган. Басылманын маалыматына ылайык, Алмазбек Абжалиев ошол учурда кармалган.

Кийинчерээк, 12-апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев Абжалиевдин үйүнөн табылган уурдалган унаа боюнча түшүндүрмө берип, кызматкердин күнөөсү далилденсе, жазадан кутулбайт деп ишендирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Зулушев Ош прокуратурасынын кызматкеринен табылган уурдалган унаа тууралуу түшүндүрмө берди