Ош: УКМКнын төрагасы менен тааныш экенин айтып алдамчылык кылган киши кармалды

Ош облусунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын уулу Таймурас Ташиев менен тааныш экенин айтып, алдамчылык менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу 19-апрелде УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Алдамчылык» беренесинин негизинде кармалган жаран тургундун ишенимине кирип, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл башчысынын орун басарлыгына орноштурууну убадалап, андан 1500 АКШ долларын алган.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында шектүү өз аракетинин кылмыштуулугун түшүнүп, мындан ары мындай аракеттерге барбоого милдеттендирилди», — деп айтылат билдиүүдө.

Комитеттен аталган иштин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Ош ОИИБге өткөрүлүп берилерин белгилешти.

Үстүбүздөгү жылы 16-февралда Жалал-Абадда мамлекеттик кызматкерлерден системалуу түрдө акча талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органынын мурдагы кызматкери кармалган.

Ал мурдагы кызмат ордунан пайдаланып, өлкө башчысы, УКМКнын төрагасы жана Башкы прокурор менен байланышы бар экенин айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерин жүргүзгөн. Андан сырткары кызматкерлерден акча талап кылып келген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Мамкызматта иштегендерди коркутуп, пара опузалоого шектелген мурдагы прокурор кармалды