Президент «балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо» жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров 14-августта «балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койду. Мыйзам аркылуу «балдарга зыян тийгизүүчү маалымат тараткандарга» жоопкерчилик киргизилип жатат.

Бул мыйзам менен Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө» жана «Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

«Мыйзам балдардын жана өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык, дене бой, психологиялык жана социалдык ден соолугун камсыз кылуу, сактоо жана чыңдоо үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзүү максатында кабыл алынган», — деп белгилешти өлкө башчысынын маалымат кызматынан.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда ЖМКда, интернет желесинде жана телекөрсөтүүлөрдө төмөнкүдөй маалыматтарды жайылтууга тыюу салынат:

  • Балдардын өз өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратуучу иш- аракеттерди жасоосуна, анын ичинде өз ден соолугуна зыян келтирүүгө, өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүүчү;
  • Балдардын баӊгизатты, психотроптук же маӊ кылуучу заттарды, тамеки буюмдарын, алкоголь, сыраны жана, кумар оюндарына катышуу, сойкулук, селсаяктык же тилемчилик менен алектенүүгө каалоосун козгоого жөндөмдүү;
  • Зомбулукка же мыкаачылыкка жол берүүнү негиздөөчү же актоочу, же адамдарга же жаныбарларга карата зомбулук иш-аракетин жүзөгө ашырууга түрткү берүүчү;
  • Үй-бүлөлүк жана салттуу коомдук баалуулуктарын жокко чыгаруучу, «салттан тышкаркы сексуалдык мамилени» пропагандалоочу жана ата-энесин же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн урматтабаган мамилени түзүүчү;
  • укукка каршы жүрүм-турумду актоочу;
  • уят сөздөрдү камтуучу;
  • порнографиялык мүнөздөгү маалыматты камтуучу.

Президенттин басма сөз кызматынын белгилешкендей, Конституцияга ылайык, «балдар — өлкөнүн эң баалуу байлыгы» жана мамлекет «балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт».

«Балдарды зыян маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзамды депутат Жамиля Исаева демилгеген. Мыйзамда «жашы жете электерге зыян тийгизген маалыматты таркатуу үчүн» жеке жактарга 2 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып киргизүү каралган. Эгер балдарга «зыян» маалымат ЖМК же интернет булактарына чыгып кеткен болсо айыптып көлөмү 25 миң сомго чейин өсөт.

Аталган мыйзамды парламент 22-июнда дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Бирок демилгени укук коргоочулар сынга алып, мыйзам шашылыш кабыл алынганын белгилешкен. «Медиа Полиси Институтунун» юристтери бул «цензура жана жарандардын маалымат алууга укугун чектөөнүн дагы бир рычагы» деп билдиришкен. Алар «демилгечилердин балдар үчүн коопсуз маалыматтык чөйрөнү түзөбүз деп жаткан максаты — популизм жана катуу иш жүрүп атат деген имитация», мыйзамдын түпкү максаты улуу жарандар үчүн цензура киргизүү экенин айтышкан.

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов «Клоопко» курган маегинде Кыргызстанда орус мыйзамдарын алуу процесси жүрүп жатканын айткан. «Балдарды зыян маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам да четте калган эмес. «Клооп» буга чейин Исаеванын мыйзам долбоору кээ бир жерлеринде Орусиянын «Балдарды ден соолуктарына жана өнүгүшүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндөгү» мыйзамынан көчүрүлүп алынганын жазган.

Тема боюнча окуңуз:

Төлөгөнов: Кыргызстан Орусиянын «ЛГБТ» боюнча мыйзамын да көчүрсө, ал НПОго каршы колдонулат