Ош: Өз атасын бычактаган киши качууга аракет кылган жеринен кармалды

Ош шаарынын Амир-Темир кичи шаарчасынын 41 жаштагы тургуну 68 жаштагы атасын бычактап, окуя болгон жерден таксиге түшүп качууга аракеттенген жеринен кармалды. Бул тууралуу 16-августта шаардык милициядан билдиришти.

Кылмышка шектүү. Сүрөт: Ош ШИИБ

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, окуя 14-август күнү эртең менен саат 10:00 чамасында экөө чогуу жашаган үйдө болгон. Экөө пикир келишпестиктен улам чырдаша кетип, уулу ашкана столунун үстүндө турган аш бычак менен атасынын көкүрөк жана колдоруна бир нече жолу сайып жиберген. Жабырлануучу алган жарааттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан өзүнө таандык документтерин алып, таксиге түшүп качып кетүүгө аракет жасаган учурда кармалды.

Аталган факт Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү соттук-медициналык экпертизалар дайындалды.

Милициядан маркум 4 баланын атасы, жергиликтүү мектепте кароолчу болуп эмгектенгенин маалымдашты. Анын кылмышка шектүү 41 жаштагы уулу 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт.

«Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, ата-баланын ортосундагы чыр маркум атасынын баласынан жумуш таап иштөөнү, жаман адаттардан, жаман достордон арылууну талап кылып айткан сөздөрүнөн улам чыккан», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 67 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды. Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну кармалды — ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алганы айтылууда. Учурда кылмыштын себептери жана жагдайлары такталып жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Караколдо 67 жаштагы аялды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши кармалды