Кыргызстан менен Кытай кызматташтык жөнүндө бир катар документтерге кол койду

Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Кытайдын Шиңжан Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) өкмөтү кызматташтык жөнүндөгү бир катар документтерге кол коюшту. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Минкабдын басма сөз кызматы

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров башында турган кыргыз делегациясы Кытайдын Шиңжан Уйгур автономиялуу районуна 16-августа келген. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар «Бедел» өткөрмө пункту аркылуу өткөн Барскоон — Учтурфан — Ак-Суу автожолун куруу боюнча меморандумга кол коюшту. 

Ысык-Көл облусу менен Шиңжаң-Уйгур автономиялуу районунун ортосунан өткөн Бедел ашуусунда кезектеги көзөмөл-өткөрмө пунктун куруу жөнүндө мамлекеттер президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында макулдашышкан. Анда тараптар Кытайдан Кыргызстанды көздөй алып барган жолду да биргеликте курууну макулдашышкан.

Кыргыз делегациясы менен СУАР бийлигинин жолугушуусунда тараптар тараптар бир катар документтерге да кол коюшту:

  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен СУАР Өкмөтүнүн ортосунда электр энергиясын жеткирүү максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер жөнүндө меморандум; 
  • Кыргызстандын министрлер кабинети менен СУАР Өкмөтүнүн ортосунда транс чек аралык соода-сатыкты өнүктүрүү жана тездетилген почтаны жайылтууну активдештирүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын кызматташтыгын кеңейтүү жөнүндө макулдашуу;
  • Кыргызстандын Министрлер кабинети менен СУАР Өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстандын жарандарына СУАРдын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 25 стипендиалык орун берүү жөнүндө келишим; 
  • Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын куруу ниети жөнүндө меморандум;
  • Кыргызстандын Энергетика министрлиги менен TBEAнын отртосунда 500 кВ «Кемин-Торугарт» электр берүү линиясын  куруу боюнча кызматташтык жөнүндө меморандумдун долбоору. 

«Министрлер Кабинетинин төрагасы кыргыз тараптын Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын айтып, анын ичинде “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолунун курулушун белгиледи. Тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту. Бул багытта МинКаб Төрагасы эки өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, анын ичинде алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле айдоочулук визаларды берүү зарылдыгын белгиледи», — деп билдиришти минкабдын басма сөз кызматынан.

Өз кезегинде КЭРдин СУАР Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй Кыргызстан «Кытайдын ынтымактуу дос кошунасы экендигин» белгилеп, кытай тарап «энергетика, жашыл экономика, почта байланышы, электрондук коммерция тармагында кызматташууну тереңдетүүгө даяр» экенин билдирди.

«Биз Кыргызстандан СУАРга продукция алып келүүгө дагы кызыкдарбыз жана экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоого даярбыз. Ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү зарыл», — деди Ма Синжуй.