Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол курулат

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол курулуп, өткөрмө бекети пайда болот. Бул тууралуу 20-майда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президенттин Кытайга болгон мамлекеттик сапары тууралуу маалымат берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Кытай соода-экономикалык мамилени илгерилетүү максатында «Торугарт» жана «Эркечтам» бекетинин өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну пландашты. Министр чек арада абдан көп жүк ташуучу унаа кезекте тургандыктан, буга Кытай да кызыктар экенин билдирди. 

«Көзөмөл өткөрмө бекетин кеңейтүү үчүн келечекте Бедел ашуусуна бекет ачууну келиштик. Көзөмөл өткөрмө бекетти жана Кытайдан Кыргызстанга чейинки жолду биргеликте курабыз. Бул эки өлкөнүн транспорттук логистикасын кеңейтүү жана бекемдөө мүмкүнчүлүгү», — деди ал.

Бедел ашуусуна жол курулса Ысык-Көл облусу менен Шинжаң-Уйгур автономдук районун туташтырат. Ашуу Какшаал тоо кыркасында жайгашкан. Азыр ашууну Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскоон айылы менен байланыштырган жол бар.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров менен Си Цзиньпин жолугушуунун жыйынтыгы менен эмнелерди макулдашышты?

Кытай Кыргызстандын артыкчылыктуу долбоорлоруна 42 млн доллар грант берет