Облустук бийлик Баткенге жардам үчүн ачылган атайын эсептен 327 млн сом сарпталганын билдирди

Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта жабыркаган тургундарга жардам үчүн ачылган атайын эсептен 327 млн сом сарпталганын билдирди. Атайын эсепке 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин жалпы 354 млн 348 миң сом түшкөн.

Облустук бийликтен «Азаттыкка» атайын эсептен өрттөлгөн 437 үй ээсине жана капиталдык ремонтко муктаж 241 турак жайдын ээсине 200 миң сомдон төлөнүп берилгенин билдиришкен. Курулушу аяктап пайдаланууга берилген 411 үй ээсине кошумча дагы 100 миң сомдон берилген.

3,9 миллион сом ошол окуяларда жол кырсыгынан каза тапкан 12 жаштагы баланын үй-бүлөсүнө төлөнгөн. Ошондой эле жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом бөлүнгөн.

Мындан тышкары, автоунаа жана мал жандыгынан айрылган жарандарга дагы кенемте төлөнгөн. Баары болуп 599 тургунга 122 млн 280 миң 230 сом берилген. Жабыр тарткан жарандардын балдарына гумжардам үчүн 58 миң 780 сом бөлүнгөн.

Лейлек районунун Кулунду айылындагы базарды калыбына келтирүүгө 2 млн сом, Баткен районунун Достук айылындагы күнөскананы калыбына келтирүүгө — 764 миң 594 сом жумшалган. 

Ошондой эле облусту калыбына келтирүү иштери учурунда күйүүчү майга, жабыркаган тургундардын балдарынын эс алуусун уюштурууга, азык-түлүк жана эвакуацияланган тургундардын башка муктаждыктарына 4,6 млн сом жумшалган. 

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, 15-августка карата атайын эсепте 27 млн 602 миң 632 сом калган. Баткен облусунда жабыркагандарга жардам берүү максатында каражат чогултуу үчүн атайын эсеп дагы деле ачык.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара сызыгы аныктала элек, андыктан чек арага жакын аймактарда — Баткен жана Ош облустарында утур-утур жаңжалдар чыгып турат.

Акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрында болгон. Куралдуу кагылыш мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн. Натыйжада 63 кыргызстандык каза таап, дагы 206 адам жарадар болгон.

Тажик бийлиги бул жаңжалда өз тарабынан 41 адам каза таап, 20дан ашык киши жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» («Азаттык үналгысынын» тажик кызматы) өздүк булактарына таянып, 83 адам каза тапканын жазган.

Куралдуу кагылышта Баткен облусунда жүздөгөн үйлөр жана ондогон соцобъектилер кыйраган.