Ысык-Көл: Жээкте эс алуучуларды сабаган скутердин ижарачылары кармалды

Ысык-Көлдөгү «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанындагы пляждык аймакта скутердин ижарачылары эс алуучуларды сабаганы боюнча ишти милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу «Клоопко» 17-августта облустук милициядан билдиришти. 

Буга чейин, 16-августта соцтүйүндөрдө скутерлерди ижарага иштеткендер көл жээгинде эки эс алуучуну сабаган видео тараган. Анда топ кишилер эки кишини жерге жаткыра сабап, бирөөсүнүн башына тепкенин көрүүгө болот.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Анын натыйжасында, скутерлерди ижарага алып иштеткендер — Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну жана Кош-Көл айылынын эки тургуну экени аныкталып, шектүүлөр Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматына жеткирилди.

Аны менен катар скутердин ижарачылары тарабынан ур-токмокко кабылган эс алуучулардын да өздүктөрү аныкталды. Алар Казакстандын Алматы шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары — 55 жаштагы киши жана анын 27 жаштагы уулу болуп чыкты.

Жабырлануучулар арыз жазып, скутердин ижарачыларына карата чара көрүүнү өтүнүштү. Арыз Ысык-Көл РИИБдин электрондук журналына катталып, дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат.  

Учурда текшерүү иштери уланууда.

9-августта Жалал-Абад шаарында эки адамды көптөп сабоого шектелген беш киши кармалган. Облустук милиция окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абадда эки адамды көптөп сабоого шектелген беш киши кармалды