Жалал-Абадда эки адамды көптөп сабоого шектелген беш киши кармалды

Жалал-Абадда эки адамды көптөп сабоого шектелгендердин беши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу 9-августта ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга 8-август саат 22:55те Спутник кичи шаарчасындагы «Омас» дүкөнүнүн алдында 5 бала  мушуташып жатканы боюнча билдирүү түшкөн.

Ыкчам тобу жерине барып, алдын ала териштирүү жүргүзгөндө Спутник кичи шаарчасындагы ТИЗОдо куруучу болуп иштеген Базар-коргон районунун 18 жана 24 жаштардагы эки тургуну дүкөнгө суусундук алууга чыкканда кичи шаарчанын эки тургуну менен уруша кеткени маалым болгон.

Милиция «тараптар бири-бирине дооматтары жок экенин билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышканын» билдирди. 

8-августта соцтармактарда Спутник кичи шаарчасында топ балдар эки баланы сабаганы тартылган видео тараган. Анда ондон ашык адам эки топко бөлүнүп, эки кишини тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөр милиция кызматкерлери «кеч келип, эч нерсе болбогондой кайра кетип калышканына» нааразы болушкан.

«Реакция болгон жок деп нааразы болуп жатышат. Бул эмне деген жапайычылык? Кандай коомдо жашап калдык? Бостериде ушундай токмоктон улам жаш жигит каза болду. Ошто түнү арматура менен сабап, өлтүрүп кетип жатышат. Жалал-Абадда бул окуя орун алды. Акыры өз үйүбүздө кооптонуп, коркуп жашап калат окшойбуз», — деп айтылат соцтармактагы билдирүүдө.

ОИИБден учурда сабоого шектелгендердин шериктерин аныктоо боюнча териштирүү жүрүп жатканын белгилешти. Ошондой эле окуя боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалашты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жалал-Абад: Супермаркеттин жанындагы массалык мушташтан кийин төрт адам кармалды