Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы Иорданияда күрөш боюнча 20 жашка чейинки (U20) спортчулардын арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалды багындырды. Бул тууралуу 18-августта Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди

Калмира Билимбек кызы

Билимбек кызы 59 кг салмакта таймашты. Ал финалдын 1/16 өзбек атаандашын 11:1 эсебинде, ал эми финалдын 1/8 казакстандык спортчуну 8:1 эсебинде жеңди. 

Ал эми чейрек финалда жапониялык спортчуну 10:0 эсебинде утуп, финалдык беттеште бейтарап туунун алдында чыккан Алеса Гетмандан жеңилди. 

Билимбек кызынын коло медалы— Кыргызстандын аталган чепионаттан келген биринчи медалы. 

Балбан кыз 2021-жылы да дүйнө чемпионатына катышкан, анда күмүш медаль тагынган. Ал эми 2023-жылдын апрелинде өткөн Азия чемпионатында коло байгени багынткан.