Күрөш боюнча Азия чемпионаты: Сманбеков күмүш, Жолдошбеков менен Токтомамбетов коло багындырышты

Астанада өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында эркин күрөш балбандары Алмаз Сманбеков күмүш, Улукбек Жолдошбеков менен Орозбек Токтомамбетов коло багындырышты.

Сманбеков 57 кг салмакка чейинки категорияда таймашып, финалга чейин ишенимдүү жете алды. Ал эми финалдык беттеши 9:4 эсеби менен индиялык атаандашы Аман Амандын пайдасына аяктап калды.

Жолдошбеков коло байге үчүн таймашта өзбекстандык атаандашы Умиджон Жалоловду 2:2 эсебинде артыкчылык менен жеңсе, Токтомамбетов Ирандан келген Гиаси Чеканы 2:1 эсеби менен артта калтырды.

Астанадагы Азия чемпионаты

Коңшу Казакстандын борборунда өтүп жаткан бул беделдүү турнирде кыргыз балбандарынын куржунунда жалпы 13 медаль болду.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин) алтын алып Азиянын бешинчи жолку чемпиону аталган. Айпери Медет кызы (76 кг чейин) күмүш, Калмира Билимбек кызы (59 кг чейин) коло багындырышкан.

Мээрим Жуманазарова коло үчүн болгон беттеште күрөшүп жатып мурду канап, кан токтобой койгондуктан Азия чемпионатынан четтетилип калган.

Ал эми 9-10-апрелде болуп өткөн грек-рим күрөшүндө Акжол Махмудов (77 кг чейин), Жоламан Шаршенбеков (60 кг чейин) жана Акылбек Талантбеков (82 кг чейин) үч алтын медалды камсыздашкан.

Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) күмүш медалды алып келсе, үч коло медалды Роман Ким (130 кг чейин), Раззак Бейшекеев (67 кг чейин) жана Адилхан Нурланбеков (72 кг чейин) жеңген.

14-апрелде эркин күрөш боюнча калган балбандар килем үстүнө чыгышат. Ошондон соң бул жолку Азия чемпионаты жыйынтыкталат.