УКМК 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышууда укук коргоо кызматкерлерин өлтүрүүгө шектелген адамды кармады

Кылмышка шектүү. Сүрөт: УКМК

2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон улуттар аралык кагылышууга «активдүү» катышкан Кыргызстандын жараны чет өлкөдөн кармалды. Бул тууралуу 17-августта УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, издөөдө жүргөн Кара-Суу районунун 50 жаштагы тургуну укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп шектелүүдө.

Атайын кызматтан шектүү козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаарындагы №5 тергөө камак жайына киргизилерин маалымдашты.

УКМК 2010-жылдын июнь айындагы улуттар аралык кагылышуунун уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө себеп болгон активдүү катышуучуларды аныктоо, жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Ошондой эле атайын кызмат 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыштарды жасаган адамдарга эскирүү мөөнөтү колдонулбасын эскертти.

2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу

2010-жылдын 10-июнунан тартып 14-июнга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларында этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосунда жаңжал чыккан — ал күндөрү Ош менен Жалал-Абаддын көчөлөрүндө коменданттык саат киргизилип, өзгөчө абал режими жарыяланган. Миңдеген имараттар өрттөлүп, аскер кызматкерлери менен милициянын курал-жарагы жана атайын техникасы басылып алынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, коогалаңда 426 адам көз жумган, миңден ашуун адам жаракат алып, материалдык чыгым 2,2 млрд доллар деп бааланган.

2020-жылдын июнь айында «Азаттык» басылмасы каргашалуу окуяларды иликтөөнүн жыйынтыгында 5,5 миңден ашуун кылмыш иши козголуп, анын 360ынын гана бети ачылганын, 3919 иш токтотулуп, 13 иш боюнча тергөө токтотулганын жазган. Дагы 1391 иш башка кылмыш иштери менен бир өндүрүшкө бириктирилген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жапаров УКМКга 2010-жылдын июнь окуялары боюнча материалдарды изилдөөнү тапшырды

УКМК 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу боюнча тергөөнү кайрадан баштады