Ысык-Көл: Скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын мушташы боюнча кылмыш иштери козголду

Шектүүлөр. Сүрөт: Ысык-Көл РИИБ

16-август күнү Ысык-Көлдөгү «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанындагы пляждык аймакта болуп өткөн скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы мушташ боюнча кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу 18-августта ИИМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы окуя боюнча «Бейбаштык» беренесинин негизинде кылмыш иштерди козгоду.

Окуяга тиешеси бар скутерлерди ижарага алып иштеткендер — Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну жана Кош-Көл айылынын эки тургуну, ошондой эле эс алуучулар — Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыз жарандары — 55 жаштагы киши жана анын 27 жаштагы уулу экени аныкталган болчу. Алар райондук милициянын тергөө кызматына алып келинип, көрсөтмөлөрү алынган.

Натыйжада, эки тарап тең арыз жазып, фактылар милициянын электрондук журналына катталгандан кийин сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле көзөмөл камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы — окуя скутерди көлдө башкаруунун белгиленген убактысы боюнча талаш–тартыштан улам болгонун аныктады», — деп билдиришти милициядан.

Пикир келишпестиктин натыйжасында, биринчи болуп 27 жаштагы эс алуучу 18 жаштагы скутердин ижарачысын уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен уулун сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, бейбаштыкка шектелгендер баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Буга чейин, 16-августта соцтүйүндөрдө скутерлерди ижарага иштеткендер көл жээгинде эки эс алуучуну сабаган видео тараган. Анда топ кишилер эки кишини жерге жаткыра сабап, бирөөсүнүн башына тепкенин көрүүгө болот. Натыйжада, эс алуучу тарап арыз жазып, скутердин ижарачыларына карата чара көрүүнү өтүнүшкөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Жээкте эс алуучуларды сабаган скутердин ижарачылары кармалды