Ысык-Көлдө 93 жаштагы аксакал пенсиясына элеттик балдар үчүн аянтча куруп берди

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылынын 93 жаштагы тургуну Үсөй Алагөзов пенсиясынан чогулткан каражатка балдар үчүн аянтча куруп берди. Аксакал менен Kaktus.media’нын журналисттери маек курду.

Алагөзов журналисттердин балдар аянтчасын курууга канча акча каражат короткону тууралуу суроосуна жооп берген жок. Анын айтымында, анын негизги максаты — балдарды телефон менен ойноодон жана сыналгыны көп көрүүдөн алаксытуу.

«[Мурда] бул жер дөң болчу. Дөңдү трактор менен түздөтүп, акимчиликтен уруксат алгандан кийин балдар ойноочу жай кылып оюн жабдыктарын орноттум. Эми шарт болсо оюнчуктарды дагы көбөйтүп койсом деген ой бар, бирок ага күчүм жетеби-жетпейби, билбейм», — деди Үсөй Алагөзов.

Андан сырткары аксакал буга чейин айылындагы өзүнүн наамы берилген көчөгө жарыктандыруу орнотуп берген. 

Бул өлкөнүн аймактарындагы тургундар өз демилгеси менен социалдык көйгөйлөрдү чечкен биринчи учур эмес. Буга чейин да Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылынын тургундары өз демилгелери менен 10,4 млн сом акча каражат чогултуп, эки көчөгө асфальт төшөөгө киришишкен.

Ал эми Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылынын тургуну, пенсионер Нурхан Кочкорова ажылыкка деп топтогон каражатына эки айылды бириктирген көпүрө курдуруп берген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокаттагы Ак-Булак айылынын тургундары жол оңдош үчүн 10,4 млн сом чогултушту

Ноокат: Тургундар ажы той өткөрүүнүн ордуна өздөрү жашаган көчөнү оңдоп беришти

Ноокенде үй-бүлө апасынын жылдык ашын өткөрүүнүн ордуна жолду оңдоп берди

Жалал-Абаддын тургуну өз каражатына бейтапкананы оңдоп, кошумча корпус куруп берди

Алайда үй-бүлө атасынын жылдык ашын берүүнүн ордуна айылга ФАП куруп берди

Жалал-Абад: Тургундар каражат чогултуп дарт аныктоочу аппарат сатып алышты