УКМК чечен активисти кармалганын тастыктады

УКМК 21-августта чечен активисти Мансур Мовлаев кармалганын тастыктады. Атайын кызмат аны «радикалдык идеологиялар» менен байланышы бар деп айыптап жатат.

Буга чейин Мовлаев кармалганын укук коргоочу Төлөкан Исмаилова айтып чыккан.

УКМКнын маалыматына ылайык, активист 20-августта Ысык-Көл облусунун аймагынан «эл аралык террористтик уюмдарга каршы жүрүп жаткан террористтик-иш-чаралардын алкагында» кармалган, ал Орусияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

«1995-жылы туулган Орусия Федерациясынын М.М.М. аттуу жараны Сириядагы ЭТУнун эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча, ЭТУну каржылоо максатында, Кыргыз Республикасындагы колунда бар жарандарына бир катар каракчылык кол салууларды жасоо ниетинде Кыргыз Республикасынын аймагында мурда соттолгон жарандарды тарбиялоо үчүн келгендиги аныкталды», — деп билдиришти УКМКдан.

Ошондой эле, атайын кызматтын маалыматына ылайык, Мовлаев январь айында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, өлкө аймагында Орусиянын жаранынын жасалма паспортун алып жүргөн. Кармалгандан кийин Мовлаев УКМКнын ТИЗОсуна киргизилген.

Активист кармалгандан кийин 1ADAT оппозициялык кыймылынын өкүлдөрү 20-августта өздөрүнүн YouTube каналында Мовлаевге арналган видео чыгарышкан. Алардын айтымында, активист чечен бийлигин сындап жүргөн.

Алардын айтымында, чечен бийлиги 2022-жылы Мовлаевди уурдап, түрмөдө мыйзамсыз кармап, кыйнашкан.

1ADAT’тын өкүлдөрүнүн айтымында, Мовлаев абактан Кыргызстанга качып чыгып кеткен. Оппозициялк кыймыл активист «Манас» аэропортунан Түркияга учмак болгонун, бирок аны Кыргызстандын УКМКсы орус кесиптештерине ФСБнын талабы менен кармап бергенин айтууда.

1ADAT эгер Мовлаев Чеченстанга экстрадицияланса, өлкө бийлиги анын көзүн тазалайт деп чочулоодо.